Вакансиялар

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

26.06.2024

Кызмат орун  Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

Акыркы мөөнөт  09.07.2024

Негизги талаптар  ichki-rezerv_81183.docx

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын  муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн сиз жетектеген борбор аркылуу ачык конурс жарыялап берүүңүздү суранам.

Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

-биринчи этап-документтерди кароо;

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этап-аңгемелешүү.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

 

Билими:

1) Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

-жогорку билими бар.

1) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • КРдин Конституциясы;
  • "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы; 
  • "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;
  • "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы;
  • "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы;
  • КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

3) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  • КРдин Конституциясы;
  • "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;

Кесиптик компетенттүүлүгү

Билими:

1)Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:

  • КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
  • КРдин Жер Кодекси;
  • "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
  • КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  • КРдин “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы.

 

1)Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

  • КРдин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
  • КРдин Жер Кодекси;
  • "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы;
  • КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • КРдин "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы;

 

 

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;

-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү.

 

 

Башчы                                                                        Ж.М.Бөрүкулов

 

Жалпы бөлүм

М.Маматкулова 5-40-63

 

  Кароолор (136)