Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

 

 

Жалал-Абад шаарынын аймагында 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча 

иш-чаралар планынын 2023-жылдын 6 айында аткарылышы тууралуу 

МААЛЫМАТ

 

к/№

Милдеттер

Иш-чаралар/иш аракеттер

Маалымат

  1.  

Антикоррупциялык иш-аракеттерди, чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жогорулатуу жана үзгүлтүксүздүктү сактоо. Шаардык мекеме-ишканалар коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды минимизациялоо. Мониторинг жүргүзүүнүң жана жыйынтыктарды верификациялоонун иштиктүү системасы.

      Бардык антикоррупциялык пландарды ишке ашыруу жөнүндө отчетторду, коррупцияга каршы аракетенүү боюнча иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү методикасын, алардын аткарылышынын натыйжалуулугун баалоону унификациялоо.  

    Шаардагы мекеме-ишканалар системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча ишти кучөтүү. 

    Тиешелүү пландарды жана иш-чараларды ишке ашырууга жана аларды актуалдаштырууга туруктуу мониторинг жүргүзүү.     

    Мекеме-ишканаларда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү.

Шаардын аймагындагы мекеме-ишканалар иш кагаздарды электрондук тутум аркылуу (infodocs), жүргүзүп, “Санарип Аймак” тутумуна жарандарды каттоо боюнча иш алып барылууда. 

Шаардагы мекеме-ишканалардын функционалдык милдеттерин аткарууда, калкты тейлөөдө электрондук кабыл алуу, суроо-талаптарды өз убагында мыйзам чегинде аткарылуусу көзөмөлгө алынган.

2023-жылдын апрель айында шаардагы мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.

  1.  

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жашоо денгээлин чыныгы кирешелери менен салыштыруу системасын ишке ашыруу үчүн үй-бүлөсүнүн жашоо деңгээлин тактоо менен анын жашоо деңгээлин аныктоонун методикасын түзүү. Жашоо деңгээли тастыкталган кирешелеринен кыйла жогору болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарын аныктоо системасын түзүү.

       Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын бирдиктүү салык декларациясын текшерүүнүн (анын ичинде саясий жана атайын кызмат ордун ээлеген адамдарды), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарынын денгээлинин алып жаткан кирешелери менен шайкештигин талдоонун натыйжалуу жана заманбап антикоррупциялык механизмдерин киргизүү   

       Мамлекеттик жана муниципалдык   органдар жарандык коом институттары тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдын бирдиктүү салык декларациясында чагылдырылган маалымат менен анын иш жүзүндөгү мүлктү абалына, ошондой эле анын жакын туугандарынын мүлктүк абалына шайкеш келбестиктигин  көзөмөлдөөнү күчөтүү, анын ичинде ири сатып алууларды (курулушту), өзгөчө ири сатып алуунун түшүнүгү башталган мүлктүн ар бир категориясынын (кыймылдуу жана кыймылсыз) чектик суммасын аныктоо менен көзөмөлдөө.

       Түшүндүрмөлөрү жок кирешелердин, чыгымдардын жана финансылык, мүлктүк абалдын болушунун фактыларын белгилөө ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүүлүгүн аныктоо (декларацияны толук текшерүү), андан ары алынган жыйынтыктарын прокуратура органдарына жөнөтүү жана маалыматтарды жалпы маалымат каражаттарында автоматтык түрдө окулуучу (ачык) форматга жарыялоо. 

       Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызмат ордун ээлеген адамдар) жана алардын жакын туугандары тарабынан бирдиктүү салык декларациясына толук эмес же так эмес маалыматтарды киргизүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.   

      Чыгымдар менен кирешелердин шайкеш келбестигин төмөңкүдөй мыйзамдык түрдө аныктоо: 

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын) ишенимди жоготкондугу боюнча кызматтан бошотуу үчүн негиз болорун; 

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар (анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдар) мүлктү мыйзамдуу кирешелерге сатып алынгандыгы жөнүндө далилдери жок болгон шартгар ал мүлктү жана андан тушкөн кирешелерди мамлекеттин пайдасына конфискациялоого (өндүрүп алууга) алып келүүсүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга жеткирүү. 

       Коррупциялык жол менен алынган же мыйзамдуу келип чыкканы аныкталбаган чет мамлекеттерге (оффшордук зоналарга) чыгарылган финансылык каражаттарды аныктоо жана аларды андан ары мамлекеттик кирешеге айлантуу үчүн Кыргыз Республикасына кайтаруу механизмдерин өркүндөтүүгө сунуштарды тиешелүү органдарга берүү.

    1990-жылдын 8-ноябрында Страсбург шаарында кол коюлган Кылмыш ишинен түшкөн кирешелерди адалдоо, аныктоо, алып коюу, конфискациялоо жөнүндө конвенцияга кошулуу мүмкүңчүлүгү маселеси боюнча ушул Конвенцияда каралган тартипте жана шарттарда кызыкдар болгон мамлекеттик органдар тарабынан координацияланган ишти жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген же ээлеп турган адам (FORM STI-155) тарабынан бирдиктүү салык декларациясынын формасын толтуруу учурунда “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алуу менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк бар экендигн жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө толтурууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону киргизүүгө жана иштөөсүнө көмөк көрсөтүү.

        Шаар аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери 2022-жылдын декларациялардын толтуруп, салык кызматы тарабынан кабыл алынды.

    Декларация толтурууда ар бир кызматкерге республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен алган айлык маянасын туура көрсөтүлүп, ийгиликтүү иш алып барылууда.

Азыркы учурда Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо башкармалыгы, салык кызматы, “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалы, Шаардык жарандардын абалын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү, ветеринардык башкармалык, Жол кыймылынын коопсуздук кызматы, (МАИ), медициналык социалдык эксперттик комиссия, социалдык фонд ж.б. “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу иш алып барылууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар тарабынан КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» жѳнүндѳ Мыйзамына ылайык тендердик комиссия аркылуу өткөрүлүүдө.

 

  1.  

Мамлекеттик органдардын ортосундагы, ошондой эле жарандар менен ишкердик субъектгеринин арасындагы өз ара аракеттенүүсүнүн ачык автоматташтырылган механизмин куруу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды реформалоону улантуу.

    Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана автоматташтыруу жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар менен жарандардын ортосундагы түз контакттарды минимизациялоо.    

     Аталган кызмат көрсөтүүлөрдун бөлүгүн  монополияны болтурбоонун шарттарында жеке секторго өткөрүп берүү, ошондой эле мамлекеттик электрондук башкаруу компонентти күчөтүү.   

     Электрондук документ жүргүзүүгө өткөрүү.

     Салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын толук киргизүүгө көмөк көрсөтүү 

    “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформациялоо концепциясын толук ишке ашыруу аркылуу коррупциогендик факторлорду жана көрүнүштөрдү азайтуу, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” жана “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматгык системаларын киргизүү процессии аяктоо.     

     Алдыңкы Эл аралык тажрыйбаны колдонуп, мекеме-ишканаларда иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүү процесстерин автоматташтыруу. 

     Лицензиялык-уруксат берүү системасын, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөл системасын, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүүгө сунуштарды берүү.

     Лицензиялык-уруксат берүү системасындагы, мамлекеттик контролдоо жана көзөмөл системасындагы, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасындагы бардык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, оптимизациялоо, өркүндөтүү жана так жөнгө салууга тиешелүү органдарга көмөк көрсөтүү. 

      Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн бардык процесстеринде коомчулук үчүн максималдуу ачыктыкты орнотуу менен алардын жол-жоболорун жана механизмдерин өркүндөтүү. Анын ичинде, товарларды автоматташтырылган тандап алууну киргизүү, мамлекеттик сатып алуулар процесстерин онлайн режиминде чагылдыруу менен аткарылган жумуштарды жана кызматтарды кабыл алуунун жол-жоболорун өркүндөтүү.  Жаңы коррупциялык тобокелдиктерди жана схемаларды өз убагында аныктоо жана аларга карата натыйжалуу механизмдерди киргизүүгө сунуштарды берүү менен көмөк көрсөтүү.

     Ведомстволук сайттарда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун пландалган тендерлеринин жылдык пландарын милдетгүү түрдө жарыялоо.

     Боштуктарды, коллизияларды, коррупциялык тобокелдиктерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурларды аныктоо максатында коомчулуктун катышуусу менен мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына терең мониторинг жана талдоо жүргүзүү, жыйынтыгы боюнча аларды жоюу жана андан ары өркүндөтүү үчүн тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө сунуштарды берүү.

     Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө автоматташтырылган системаларды жана технологияларды киргизүү эсебинен мамлекеттик чыгымдар азайтылган. Салык жана бажы төлөмдөрү көбөйтүлгөн.

      Мамлекеттин лицензиялык уруксат берүү системасындагы бюрократиялык звенолор жоюлган.

     Шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларда электрондук документ жүгүртүү киргизилген:

     Шаардын аймагындагы соода түйүндөрүндө, кафе-ресторандарда ККМ чек берүү жолго салынууда жана жарандарга чек талап кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Социалдык төлөмдөр, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор, кресло-коляскалар өз убагында берилип, ачык-айкындугун камсыз кылууга  шарттар “Түндүк” базасы аркылуу жүргүзүлөт.

     Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 9-сентябрында  туташтырылды. Мамлекеттик “Учкун” акционердик коому менен келишим түзүлүп, электрондук түрдө алынган протоколдорду чыгаруу иш аракеттери жүргүзүлүп жатат. 

     Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы №55-б сандуу “Кылмыштарды бирдиктүү реестрин жана Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан Укук бузуулар жөнүндө комиссия түзүүнүн убактылуу жобосун бекитүү максатында Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан бекитилди. Аталган комиссияга 1 (бир) материал түшүп, өз мөөнөтүндө карап, токтом айып пулду төлөө боюнча токтом чыкты.

      Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди акысыз окутуу сунушталат.

 

 

  1.  

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын иши үчүн актуалдуу жана натыйжалуу методикаларды жана инструменттерди берүү.

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин жаныртуу жана өркүндөтүү:

1. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдарынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен көз карандысыздыгын көтөрүү;

2.Алардын функционалдык милдеттерин оптималдаштыруу; 3.Административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызматтын категориясын жогорулатуу. 

4. Алардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин кеңейтүү; 

5. Алардын укуктук билимин, квалификациялык жана кесиптик көндүмдөрүн дайыма жогорулатууга көмөк көрсөтүү жана тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш берүү.

Шаардын аймагындагы мекеме-ишканалар иш кагаздарды электрондук тутум аркылуу (infodocs), жүргүзүү жана “Санарип Аймак” тутумуна жарандарды каттоо боюнча иш алып барылууда. 

2023-жылдын 27-мартында Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилеринин жана юристеринин катышуусунда “Жалал-Абад шаарынын аймагында 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептсрин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу” деген темада окутуу уюштурулду. Аларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жыйнагынын кыскача жыйнагы колдонууга берилди.

Мекеме-ишканалар, укук коргоо органдары, аймактык башкаруулар тарабынан кызматкерлерге жана элдерге паракорчулукка каршы күрөшүү жана ага жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кошумча сабактар өткөрүлдү.

Шаардагы мекеме-ишканалар алган айлык маянасын толугу менен эсепкана аркылуу банкка которулуп, өз убакгын алат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде  кезектүүлүгү менен эмгек өргүү берилип, мыйзым бузуучулукка жол берилбейт.

 

  1.  

Коррупцияга карата толеранттуулуктун жок болушуна жетишүү.

    Мамлекетгик жана муницпалдык органдарында жана жеке сектордо коррупцияга чыдамсыздыкка жана элге кызмат кылуу идеясына багытталган корпоративдик маданиятты түзүү.     

    Укуктук агартуу жана калк үчүн коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракетгенүү системасын өркүндөтүү жана белгилүү бир чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө коомчулукка маалымдоо, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү мекемелери үчүн антикоррупциялык адистештирилген курстарды киргизүү.

      Коррупцияны кабыл албоо маданиятынын негиздөөчү элементтерин камтыган жана жарандардын активдүү жарандык позициясын калыптандырууга, алардын коррупцияга каршы аракетгенүү маселелерине натыйжалуу жана активдүү катышуусуна шарт түзгөн маалыматтык стратегияны кабыл алуу

     Калк арасында системалуу жана кеңири маалымат берүү иштерин жүргүзүү аркылуу коомдогу укуктук нигилизмди минимизациялоо, жаш-курактык, кесиптик жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укуктук маданиятты жогорулатуу, ошондой эле жарандардын укуктары жана эркиндиктери, аларды жүзөгө ашыруу механизмдери жана мыйзамсыз же негизсиз кол салуулардан коргоонун укуктук негиздери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга кирешелерди, чыгымдарды жана мүктөрдү декларациялоо боюнча үзгүлтүсүз практикалык сабактарды өткөрүү.

     Антикоррупциялык кошумча механизмдерди иштеп чыгуудагы жана киргизүүдөгү жыйынтыктарды колдонуу менен антикоррупциялык агартуу, пропаганда жана окутуу боюнча иш-чаралардын натыйжаларын жана таасирин баалоону жүргүзүү.   

    “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөрдү камтыган ченемдерди киргизүүгө сунуштарды берүү:

1) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды мыйзамсыз кызматтан бошотуудан жана башка алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулардан коргоо;

2) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууларга прокуратура органдары тарабынан чара көрүү; 

3) бардык процесстерди так жөнгө салууну (анын ичинде маалыматтарды тастыктоо түшүнүгүн билдирген), ошондой эле аткарылышынын натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү менен материалдык сый акыны төлөө.

Шаар аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар тарабынан элге кызмат кылуу маданияты жолго коюлган.

Билим берүү мекемелеринде мектепке, мектепке чейинки балдар бакчаларына кабыл алуу электрондук тартипте кезеги менен кабыл алынат.

Ар бир мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары кызматкерлерин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көзөмөл жүргүзүп, калк арасында коомдук жерде абройлуу, кадыр барктуу инсандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл сайын бюджетти кабыл алууда коомдук угуу өткөрүлүп, элдин сын-пикирин, сунуштарын кабыл алып, шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

Коррупцияны толугу менен четке кагуу атмосферасы жаралган. Коррупция элементтерин пайдалануу менен алынган материалдык жана саясий баалуулуктар айыпталат жана таанылбайт. 

Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо башкармалыгы тарабынан социалдык паспорт электрондук тартипте толтурулат.

Үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу топторго аймагына жараша орулуулар дарыгерлерге көрүнүү үчүн электрондук кезекке жазылат.

Социалдык фонд башкармалыгы пенцияга жашы жеткен жарандарды арызынын негизинде кабыл алып, Архивдик маалыматтардан сырткары баардык иш кагаздарын Түндүк аркылуу алынат. 

Кызмат көрсөтүүлөр электрондук каттоого өтүп, санарип боюнча кызматкерлерге окутуулар ар дайым уюштурулуп, методикалык жактан, практикалык жактан жардам көрсөтүлүп жатат.

 

  1.  

Мамлекеттик жана жарандык кызматтын жогорку кадыр-баркын жана анын эмгек акысы боюнча легалдуу финансылык жагымдуулугун камсыз кылуу.

     Мамлекеттик чыгымдарды оптимизациялоо. 

     Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогорку денгээлдеги кесипкей адистерди тартуу максатында алардын эмгек акыларын рынок деңгээлине чейин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын оптималдуу штатын камсыз кылуу. 

     Меритократия принциптерине негизделген кызматты уюштурууга жана өтөөгө болгон мамилелерди түп тамырынан өзгөртүү:

1. Айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүп берүү аркылуу мамлекеттик аппаратты оптимизациялоо жана кыскартуу. 

2. Айрым негизсиз көбөйтүлгөн штаттарын кыскартуу.

     Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө катышууга түрткү берген мотивацияны азайтуу максатында социалдык жеңилдиктерди көбөйтүү.     

      Биринчи этапта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акыларынын деңгээлин рыноктук эмгек акыга ылайык келтирүү.   

      Экинчи этапта социалдык тармактын кызматкерлерине социалдык жеңилдиктерди көбөйтүү (окутуучулар, мугалимдер, бала бакчалардын тарбиячылары, дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер). 

       Үчүнчү этапта мамлекетгик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акысынын деңгээлнн рынок көрсөткүчтөрүнөн жогору көтөрүү.

      Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга сый акыларды төлөөнү жана жеңилдиктер менен артыкчылыктарды берүүнү акыйкаттык, отчеттуулук, ачыктык жана айкындуулук принциптеринин, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде гана жүзөгө ашырууга тиешелүү сунуштарды жиберип аткарууга алуу.

Мамлекеттик кызматтагы коррупциянын пайда болушунун негизги себептери жана шарттары минималдаштырылган.

1.Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын алган легитимдуу кирешелеринен жашоо деңгээлинин көтөрүлүшү камсыздалган жана жалпысынан мамлекеттик кызматтын аброю жогорулатылган.

2.Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын штаты 15-20%га кыскартылган.

3.Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын эмгек акылары 30-50%га көтөрүлгөн.

2022-жылдын август айынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызамктерлердин айлык маянасы көтөрүлдү.

 

  1.  

Шаардын аймагында коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жарандардын активдүү катышуусуна багытталган коомчулук менен иштөөнүн сапатын жогорулатуу.

  1. Региондордо коррупцияга каршы аракетгенүү чөйрөсүндө мамлекетгик жана муниципалдык органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүң негизги тенденцияларына талдоо жүргүзүү.

2.Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде калк менен өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу.

3.Шааардын аймагындагы өкмөтгүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын активистгери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери жер-жерлерде коррупция менен күрөшүүнүн проблемаларын изилдөө үчүн жолугушууларды өткөрүү.

1.Жалал-Абад шаарынын аймагында калк арасында шаардын мэри-Ормоков Э.А., шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте 5 (беш) аймактык башкаруу мекелеринде түзүлгөн график боюнча коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлгө алуу, элдин социалдык-турмушун, көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүү максатында жолугушуу өткөрүлүп, ачык-айкын түрдө массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып, коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышын талкуулоо боюнча жарандарга терен маалымат жеткирилди.

2.Ар бир шаардагы мекеме-ишканаларда коррупциянын алдын алуу боюнча “Ишеним кутуча” уюштурулган жана ага жарандар жетекчиликке жазган маселеси жазып калтырууга шарт түзүлгөн.

Кадр саясатында бош кызмат орундар тез-тез жарыяланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер конкурс аркылуу кызматка кабыл алынат.