Жалал-Абад шаарынын тарыхы

Жалал-Абад Фергана областынын экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган.Он тогузунчу кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көк-Арт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган.1890-1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта иштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган.Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган.1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган.1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17-19 -декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Оруссияга кошулгандан кийин Жалал-Абад шаары болуштуктун, 1924-26-жылдары Жалалабат округунун борбору болгон. 1926-1928-жылдары Жалалабат кантону уюшулуп, Айым, Жалалабат, Көгарт, Базаркоргон, Майкен, Кетментөбө, Кызылжар, Чоңалай, Чаткал, болуштарын бириктирип, борбору Жалалабат шаары болгон. 1928-жылы Жалалабат кантону Ош кантону менен биригип, Ош окургу аталган. 1939-1959-жылдары Жалалабат облусунун борбору болгон. 1926-жылы областтык китепкана ачылган.

Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926-29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башкалар. 1926-жылы педтехникум ачылган. Ал 1947-57-жылы мугалимдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) болуп калды.

1938-жылы зооветмектеп ачылып, ал 1947-жылы зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицейге айланды.

Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башкалар курулуп, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Областтык керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон.

1960-70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, областтагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана областты (Ош областын да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башкалар пайда болгон.

Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп калды.

1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп нефть продуктуларын кайра иштетүүчү завод, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди.

1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы областтык драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды.

Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, 5тен ашуун мезгилдүү басылмалар чыгып турат, жергиликтүү 3 телекомпаниялар иштейт.                                                                                                

                                               ШААР ТАРЫХЫНАН КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР

                   (Цифралар жана фактылар)    

1926-жылы Жалал-Абад шаарында 9657 адам болуп, алардын 1200ү сабаттуу болгон. Ошол эле жылы коммунисттердин мектеби деген окуу жай ачылып анда 60 адам окуган.

1927-жылы январда Жалал-Абад округу, Жалал-Абад контону болуп кайрадан түзүлгөн. Ошол мезгилдеги Жалал-Абад контонунда сабатсыздыкты жоюу боюнча Кызыл-Жар районунда 20, Кетмен-Төбө районунда 7, Базар-Коргондо 13, Жалал-Абад районунда 16, Жалал-Абад шаарынын өзүндө 7, баардыгы болуп 57 мектеп иштеп турган, ошол жылы кантон боюнча 473 адам билим алган.

1927-жылы июнда Жалал-Абад шаарында биринчи жолу пионер лагери ачылган. Анын директору болуп, Кыргызстандын түштүгүндөгү айылдардын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, отуз миңинчи эсептелген Умурзаков Маккам шайланган.

1927-жылы 6-июлда чыккан "Советская Киргизия” газетасы мындай деп жазат: "Жалал-Абад шаарында заңкайган мамлекеттик банктын жанындагы ылайдан тургузулган кичинекей үйдө балдарга кеңеш берип, балдардын ден-соолугун көзөмөлдөгөн мекеме ачылат”. Бул жаш балдар үчүн кам көргөн биринчи мекеме болгон.

1927-жылы сентябрда Жалал-Абад шаарында сегиз класстык бөлмөсү бар 480 орундуу жети жылдык мектеп пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө бул №1 мектеп, ал Советтер Союзунун Баатыры М. Бабкиндин атын алып жүрөт. Мектеп биринчи ачылганда саясий-интернационалдык деп аталган. 1932-жылы 40 окуучу 7 жылдык мектептин күбөлүгүн алышып, биринчи бүтүрүүчүлөрү болушкан. Бул мектеп 1936-жылы орто мектепке айландырылган. Советтер Союзунун Баатыры Евдоким Мазков жана Михаил Бабкин ушул мектептен билим алышкан. 1970-жылы мектептин короосуна Ардак такта уюштурулуп, ал жерде Улуу Ата Мекендик согушта кайтыш болгон 37 мугалим жана окуучулардын тизмеси жазылып турган.

1927-жылдын аягында элди таза суу менен камсыз кылуу максатында шаар аймагында тереңдиги 14 метрден 20 метрге чейин жеткен он төрт кудук казылып, пайдаланууга берилген. Кудуктардын кыргагы темир-бетон шакекчелери менен бекемделген. Кудуктар пайда болгонго чейин шаар эли Хан-Арык жана Чөкө-Арык каналдарындагы агын суудан пайдаланышкан. Жыл сайын жазында каналды кетмен, күрөк менен чаап, тазалап турушкан. Бүгүнкү күнгө чейин ошол кудуктар - бирөө Эркиндик көчөсүндө "Оптика” дүкөнүнүн жанында - эстелик катары сакталуу турат.

1928-жылы апрелде шаарга жакын жайгашкан 12 айыл шаарга каратылып, Жалал-Абад шаарында он миң адам жашап, он эки көчө пайда болгон.

Шаардагы беш мектепте 1215 бала окуп, 37 эже-агайлар сабак беришкен. Биринчи жолу кыздар жатак мектеби ачылып, жергиликтүү 20 кыз ушул жатак мектептен билим алышкан. Апрелдин аягы, май айынын башында балдар бакчасы ачылып, 40 бөбөк тарбиялана баштаган. 1930-жылдын башында Жалал-Абадда биринчи жолу азыркы маданият техникуму жайгашкан короодо МТС (машина-трактор станциясы) ачылган. Бул МТС Жалал-Абад районуна караштуу айыл-кыштактарды жана чарбаларды техника менен камсыздай баштаган. Маданият техникуму ачылганда МТС "Нур” заводуна кошулуп кеткен.

Азыркы "Айгүл” универмагы жайгашкан жерде 1930-жылы нефтебаза уюштурулуп, темир жол бутакчасы киргизилген. 1984-жылы нефтебаза шаардын түндүк батыш тарабына көчүрүлүп, 1987-жылы "Айгүл” универмагы тургузулган. Шаарда байланыш бөлүмү ачылып, 1963-жылдан 1991-жылга чейин "Шаардык байланыш бөлүмү” деп аталган. 1991-жылы бул мекемеге Жалал-Абад областынын аймагындагы байланыш бөлүмдөрү бириктирилип, "Байланыш боюнча областтык өндүрүштүк бирикме” болуп аталган. 1994-жылдын апрель айынан бери "Кыргызтелеком” мекемеси деп аталып келүүдө.

1927-жылдын башында Жалал-Абад округдук аткаруу комитетинин чечими менен шаарда телефон байланыш бөлүмү ачылып 16 абонентке телефон байланышы берилген. 1932-жылы шаарда биринчи жолу радио түйүнү пайдаланууга берилип, он мекеме-ишкананын кеңселерине радио чекиттери коюлган.

1944-жылы Жалал-Абад - Фрунзе (Бишкек) телефон байланышы орнотулган, 1948-жылы Жалал-Абадда коммутатор коюлуп, шаардагы 20 абонентти тейлеген.

1957-1959-жылдары Эркин-Тоо көчөсүндө (Эркин-Тоо, 19) эки кабаттуу типовой имарат курулуп, ал жерде телеграф, 700 санды тейлеген АТС, шаар аралык байланыш жана радио түйүнү ачылып, иш жүргүзө баштаган.

1948-жылы биринчи жолу Жалал-Абад - Фрунзе (Бишкек) радиорелейдик радио байланышы пайда болгон.

1958-жылы декабрда жалалабаддыктар жана бүткүл түштүк эли теле көрсөтүүнү көрө башташкан. Көрсөтүү "Түндүк” жана "Түштүк” теле-станциялары аркылуу чагылдырылган. "Түштүк” телестациясын курууда Жалал-Абад байланыш бөлүмүнүн адистери активдүү катышкан. Жалал-Абад шаарынын жашоочулары 1994-жылы август айында уюлдук байланыш кызматынан пайдалана башташкан.

1933-жылы Жалал-Абад шаарында биринчи басмакана ачылып, ал жерден "Большевиктик жол ” аттуу гезит кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде чыгып турган.

1972-жылы басмакана жамааты республикалык сынакта "Мыкты гезит чыгаруучулар” деген номинация боюнча жеңүүчүлөр болушкан. Басмакананы 1952-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Клоцман Семен Борисович жетектеп турган. Кийин ага Семен Борисовичтин ысымы ыйгарылган.

Аралыгы 28 чакырым келген Жалал-Абад - Көк-Жаңгак темир жолу 1932-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

1936-жылы сентябрда 480 орундуу эки кабаттуу №2 жети жылдык мектеп пайдаланууга берилген. Бул шаардагы биринчи эки кабаттуу имарат болуп, окуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн жана согуштан кийин орто мектепке айландырылган. 1961-жылдан бери учкуч-космонавт Юрий Гагариндин ысымын алып жүргөн. Бул мектептен Советтер Союзунун Баатыры Розы Азимов окуган. 1937-жылы январда Жалал-Абадда "Ленин Туусу” деген гезиттин биринчи саны жарыкка чыккан. Гезит кыргыз жана өзбек тилдеринде 20 миң нуска менен басылган.

Шаардагы №1 СПТУ 1938-жылы ачылган. Азыр бул окуу жай адистештирилген №1 лицей (Пушкин көчөсү-148). Алгачкы жылдары бул окуу жайда 4 класстык бөлмө, 30 адамга ылайыкташтырылган жатакана, мугалимдер үчүн эки бөлмөдөн турган эки батир болгон. Материалдык-техникалык базада трактор, бир комбайн жана бир соко болуп, 186 окуучу окуп, аларга 5 мугалим, 12 инструктор-механиктер сабак беришкен. 1954-жылы мартта бул окуу жай бир топ жакшырган, 5 автомобиль, 16 трактор жана 27 айыл чарба машиналары болуп, айдоочу, тракторчу, ширетүүчү жана башка адистиктер боюнча 1200 адам билим алган. Бул окуу жайдан 1960-1969-жылдары 600 кыз-келиндер окуп, ал кыздар колхоз-совхоздорго билимдүү адис катары жөнөтүлүп турган. Алардын көпчүлүгү орден-медалдарга татыктуу болушкан. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнөн 8 адам социалисттик эмгектин баатыры болушкан.