Географиялык абалы

Жалал-Абад шаары Көк-Арт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун боюнда, ошондой эле азыркы Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда, Тянь-Шань тоо кыркаларынын төмөн жагында, Аюб-Тоо массивнин түшө беришинде деңиз деңгээлинен 763 метр бийикте, жайгашып, авто жана темир жол тоому эсептелет.

Кыргызстандын борборцу Бишкек шаарынан 560 чакырым түштүк тарапта. Ош шаарына чейинки аралык Өзбекстандын Ханабад шаары аркылуу өткөн эски жол менен алганда 60 чакырым, Өзгөн аймагы менен өткөн жаңы жол менен алганда 100 чакырым алыстыкта турат.

Субтропикалык-мелүүн, кургак климатка ээ. Жайкысын жаан аз болуп, аптаптуу келет жана күндүн ысыгы максимум 43 градуска жетет. Ал эми кышы жумшак келип, аба жогорку нымдуулукта, ал эми абанын орточо температурасы 0 градустун айланасында болот.

Июнь айынан баштап абанын орточо нымдуулугу 30 пайыздын деңгээлинде, жайдын өтө ысык аптаптуу күндөрүндө андан да төмөн болот. Жаан-чачындын жылдык орточо нормасы 460 миллиметрге барабар.

Көлөмдүү суу көлмөлөрүнөн алыс жайгашкандыктан климаты континенталдык кургак келет. Жылдык орточо температура +13 градус, ал эми июоь айында +25 +30 градус, январь айында -3 -5 градусту түзөт.