Вакансиялар
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Жарыяланган датасы:
16.05.2023

Кызмат орун резерв кадр
Акыркы мөөнөт 29.05.2023
Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
-биринчи этап-документтерди кароо;
-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;
-үчүнчү этап-аңгемелешүү.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Иш стажы:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
– иш стажына талаптар коюлбайт;
Билими:
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку билими бар.
1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
- КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
2) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
Кесиптик компетенттүүлүгү
- Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин бөлүм башчысы кызмат орунуна;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы;
Санитардык-экологиялык инспекциясынын бөлүмүнүн башчысы кызмат орунуна:
- Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы
Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башкы адиси (кирешелер боюнча) кызмат орунуна;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
-Кыргыз Рсепубликасынын Салык Кодекси
Санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси кызмат орундарына;
- Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы
2) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
Санитардык-экологиялык инспекциясынын жетектөөчү адиси кызмат орунуна;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- КыргызРеспубликасынынУкукБузууларжөнүндө Кодекси;
ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:
- конкурстуккомиссиянынтөрагасынынатынаарыз;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
- 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт;
- резюме (электрондукпочтаныкөрсөтүүменен);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жокэкендигижөнүндөмаалыматтыкөрсөтүүменен);
- нотариустан же акыркыиштегенжериндекүбөлөндүрүлгөннегизгижанакошумчабилиминырастагандокументтердинкөчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркыиштегенжериндекүбөлөндүрүлгөнэмгеккитепчесининкөчүрмөсү (ишстажы бар болсо);
- ден соолугу боюнча № 086 тактама;
- соттолбогондугу жөнүндө тактама;
- паспорттункөчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gos.kgвеб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.
Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнүсаат 8-30 дан 17-30 га чейин кабыл алынат. Байланыш телефону 03722-5-58-02
Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти.