Вакансиялар

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

30.03.2023

Кызмат орун  Улук административдик , кенже административдик мамлекеттик кызматтарга

Акыркы мөөнөт  12.04.2023

Негизги талаптар  

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин муниципалдык кызматынын кадрлар резервине 

киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

 

            Муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

 

-биринчи этеп-документтерди кароо;

-экинчи этеп-компьютердик тестирлөө;

-үчүнчү этеп-аңгемелешүү.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Иш стажы:

1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

 

Билими:

 

1) Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:           

-жогорку билими бар.

1) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:        

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар.

 

Жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  6. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

3) Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы;

 

Кесиптик компетенттүүлүгү

Билими:

 

  1. Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн:
  2. КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  3. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  4. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  5. КРнын Бюджеттик Кодекси
  6. Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
  7. КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  8. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;
  9. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  10. КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамы;

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  1. конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  2. кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок)
  3. резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 
  4. өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  5. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  6. нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  7. илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  8. паспорттун көчүрмөсү.

 

            Документтерди кабыл алуу жарыя шаардык кеӊештин www.jalal-abad.gos.kg веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин шаардык кеӊеште кабыл алынат.

 

          Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 2-кабат. 

 

  Кароолор (135)