Вакансиялар

Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт

Жарыяланган датасы:

10.09.2024

Кызмат орун  резерв кадр

Акыркы мөөнөт  25.09.2024

Негизги талаптар  

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конурс жарыялайт Ички резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт: -биринчи этап-документтерди кароо; -экинчи этап-компьютердик тестирлөө; -үчүнчү этап-аңгемелешүү.

 КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Иш стажы: 1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; 2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: – иш стажына талаптар коюлбайт;

 Билими: 1) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: -жогорку билими бар.

 1) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: -жогорку же болбосо орто кесиптик билим бар. Жалпы мыйзамдарды билүү: 

2) Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРнын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы; КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 3) Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРнын Мыйзамы; Кесиптик компетенттүүлүгү Билими: 1)Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: Башкы адис: КРнын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; КРнын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы; КРнын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы. 2)Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: Социалдык боюнча жетектөөчү адис: КРнын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы: КРнын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; КРнын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Жетектөөчү адис-жер адис:  КРнын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы; КРнын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамы; КРнын Жер Кодекси; ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ: конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз; кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок) 4х6 өлчөмүндө 1 даана сүрөт; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); өмүр баяан (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); ден соолугу боюнча № 086 тактама; илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү. Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg веб-сайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт. Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ чейин Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын имаратында кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад шаары, Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгы К.Кыдыров 71 2-кабат 1-кабинет. тел: (03722) 6-02-08

  Кароолор (219)