29 ноябрь 2024
Кароолор: (28)
ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА 16 КҮНДҮК АКЦИЯ ЖАРЫЯЛАНДЫ
Жалал-Абад шаарындагы мектептерде зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мекетеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин жана Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери катышууда.
Белгилей кетсек, аталган акция Эл аралык эмгек уюмунун зордук-зомбулук жана куугунтук боюнча №190 конвенциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан уюштурулган.
Акция 27-ноябрда башталган. Ал 16 күнгө созулуп, шаардагы мектептерде зордук-зомбулуктун алдын алуу, гендердик теңчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз