09 декабрь 2022

Кароолор: (251)

“Зомбулуксуз жашоо, менин үй-бүлөм!”аталышында сынак өттү

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмү, облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Б.Осмонов атындагы №5 гимназия мектебинде “Зомбулуксуз жашоо, менин үй-бүлөм!” аталышындагы мектептер арасында сынак өткөрдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

Сынакка 19 мектептен бирден окуучу ата-энеси менен катышып, спорттук мелдеште күч сынашып, бала менен үй-бүлөдөгү мамиле тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Оюндун соңунда:

1-орун. Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясынын “Биримдик” командасы

2-орун. Манас 1000 атындагы №18 орто мектебинин “Ынтымак” командасы

3-орун. К.Закиров атындагы №2 орто мектебинин “Достук” командалары ээ болушту. Алдыңкы орундарды алган командаларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз