02 апрель 2025
Кароолор: (114)
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ-2025” КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана шаардык мэриянын колдоосу менен өткөрүлгөн «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2025» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Ага Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин башчысы Акылбек Таңатаров, бала бакча кызматкерлери жана коноктор катышты.
“Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” кароо-сынагына шаардагы 16 бала бакчанын кызматкери катышты.
Аталган кароо-сынак боюнча жалпы төрт номинация каралган: “2025-жылдын мыкты тарбиячысы”, “2025-жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими”, “2025-жылдын мыкты усулчусу”, “2025-жылдын мыкты музыкалык жетекчиси”.
Аталган сынакта алдыңкы орундарды жеңген тарбиячылар баалуу белектер менен сыйланышты.
Кароо-сынактын максаты - шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш-мерчемдерин жайылтуу, окуу-тарбия иштерин уюштуруу жана өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, шаардык этептан өткөн жеңүүчүлөр облустук турга катышат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз