14 февраль 2024
Кароолор: (88)
ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН АЛДЫҢКЫ КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

13-февралда Жалал-Абад шаарында 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүп, анда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары, жетишкен ийгиликтери үчүн ар тармактын бир катар кызматкерлери сыйланды. “Жылдын мыктылары” деп табылган номинациялардын ээлерине Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин эстелик дипломдору тапшырылды.
Ошондой эле, үзүрлүү эмгектенген бир катар кызматкерлерге жана шаардык кеңештин депутаттарына Президенттин Жалал-Абад облусүндагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары да тапшырылды. Сыйлыктарды өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов тапшырды.
-“Жылдын мыкты айыл башчысы”-С.Жээнбеков айылынын айыл башчысы Мойдун уулу Арзыбек;
-“Жылдын мыкты кварталдык комитети”-Салбаева Бактыгул Тургунбаевна-Ч.Айтматов аймактык башкаруусунун № 39 кварталдык комитетинин төрайымы;
-Хушназаров Лутфилла Гуламжанович-Курманбек аймактык башкаруусунун № 14 кварталдык комитетинин төрагасы;
-“Жылдын мыкты кондоминиуму”-Акунов Кеңешбек Жасунович-Спутник аймактык башкаруусунун № 152 кондоминиумунун төрагасы;
Курманбекова Шааркан Касымбековна-Ч.Айтматов аймактык башкаруусунун № 25 кондоминиумунун төрайымы;
-“Жылдын мыкты өнөр-жай мекемеси”-“Багери” жоопкерчилиги чектелген коому;
-“Жылдын мыкты банкы”-“Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Жалал-Абад филиалы;
-“Жылдын мыкты инвестору”-Академия Барса;
-“Жылдын мыкты финансы кызматкери”-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын финансылык-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башчысы Жакыпов Заирбек Сайдибраимович;
-“Жылдын мыкты экономисти”-Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепкананын ага экономисти Розахунова Халидахон Орунбаевна;
-“Жылдын мыкты эсепчиси”-мэриянын башкы эсепчиси Акбаралиев Турусбек Акбаралиевич;
-“Жылдын мыкты салык кызматкери”-Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы инспектору Дуйшеев Эламан Курсантбекович;
-“Жылдын мыкты ишканасы”-“Келечек” жабык акционердик коомунун “ПЭТ Бурулсун” филиалы;
-“Жылдын мыкты тейлөө мекемеси”-“Караван” эс алуучу жайы;
-“Жылдын мыкты куруучусу”-Капиталдык курулуш департаментинин техникалык көзөмөлдөөчүсү Шералиев Калмамат Токторбаевич;
-“Жылдын мыкты коммуналдык кызматкери”-“Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин кызматкери Абдусаматов Нишанбай Мухтарович;
-“Жылдын мыкты жол куруучусу”-Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгынын АБЗ участкасынын башчысы Байканов Атабек Кадыралиевич;
-“Жылдын мыкты энергетиги”-Жалал-Абад райондук электр тармактар ишканасынын электро техникалык лаборатория жана кабелдик чубалгылар тайпасынын электро монтеру Орозалиев Нургазы Шамшиевич;
-“Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо мекемеси”-Түштүк регионалдык жүрөк жана кантамыр хирургия илимий борбору;
-“Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо кызматкери”-Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ураимов Рома Каныбекович;
-“Жылдын мыкты спортчусу”-Эркин күрөш боюнча Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Кадыров Шарабидин Азаматович;
-“Жылдын мыкты машыктыруучусу”-Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 спорт мектебинин машыктыруучусу Эсеналы уулу Санжар;
-“Жылдын мыкты билим берүү кызматкери”-Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Турганбаева Саадат Сайдибакасовна;
-“Жылдын мыкты жалпы орто билим берүү мекемеси”-А.Калешов атындагы №11 жалпы билим берүү орто мектеби;
-“Жылдын мыкты мектептен сырткаркы билим берүү уюму”-“Ариет” балдар чыгармачылык борбору;
-“Жылдын мыкты атайын орто билим берүү окуу жайы”-№75-кесиптик лицейи;
-“Жылдын мыкты жогорку билим берүү окуу жайы”-К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети;
-“Жылдын мыкты тартип сакчысы”-Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын улук лейтенанты Абдикаимов Жеңишбек Мамытбекович;
-“Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери”-Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин башкы адиси-Осмонова Гульзат Орозбековна;
-“Жылдын мыкты депутаты”
-Мамыров Джумабек Омурзакович;
-Маманов Каныбек Тойчубекович;
-Бекешова Уларкан Жакыпжановна.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз