08 ноябрь 2025

Кароолор: (117)

ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

 Манас шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ардак грамота жана Алкыш баракчаларын тапшырышты.

 Шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов журналисттердин коомдогу орду өзгөчө экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, шаарда өткөн иш-чараларды, жасалып жаткан иштерди коомчулукка чагылдырууда көрсөткөн көмөктөрү үчүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун атынан терең ыраазычылык билдирип, кыргыз басма сөзүнүн 101 жылдыгы менен куттуктады.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз