11 ноябрь 2024
Кароолор: (150)
ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мэриянын Ардак грамота жана ыраазычылык каттарын тапшырды.
Шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов журналисттердин коомдогу орду өзгөчө экендигин баса белгилеп, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, шаарда өткөн иш-чараларды, жасалып жаткан иштерди коомчулукка чагылдырууда көрсөткөн көмөктөрү үчүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө шаар мэринин атынан терең ыраазычылык билдирип, кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз