07 февраль 2023
Кароолор: (223)
Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында “Жооптуу бол!” аталышындагы бир айлык өтөт

Акция 13-февралдан 13-мартка чейин уланат. Бул убакыт аралыгында эркектер шаардагы 8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, акысыз медициналык кеңеш алса болот.
Бир айлыктын алкагында мектеп окуучулары эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат. Кайсыл мектептин окуучулары көбүрөөк маалымат жеткирсе, ошол мектеп жеңүүчү аталып, сыйлыкка ээ болот.
Белгилей кетсек, КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз