25 июнь 2024
Кароолор: (58)
ЖОЛДУ КЕҢЕЙТҮҮГӨ ТОСКООЛДУК ЖАРАТКАН БИР КАТАР КУРУЛУШТАР БУЗДУРУЛДУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгына ылайык, Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын Молодёжный көчөсүнөн жолду кеңейтүүгө туура келген 5 дүкөн, уруксаты жок муниципалдык жер тилкелерге курулган 4 бастырма (навес), уруксаты жок муниципалдык жер тилкеге орнотулган 1 контейнер, ижара шартында берилген муниципалдык жер тилкедеги 2 дүкөн, ал эми Фабричный көчөсүнөн ижара шартында берилген муниципалдык жер тилкедеги автоунаа жуучу жай буздурулду.
Муниципалдык менчик башкармалыгы,
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер ээлерине, жеке менчик жер тилкелеринен сырткары жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алууну токтотууну жана өз билемдик менен уруксатсыз курулуштарды курбоону, ошондой эле, эгерде уруксатсыз ээлеп алган жана куруп алган курулуштары бар жеке жана юридикалык жактар болгон болсо, аларга муниципалдык жер тилкелерди өз эсебиңиздерден бошотуп коюну эскертет.
Мындан ары, Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алуу, уруксатсыз курулуштарды куруу жана ижара шартында берилген жер тилкелерди максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча тынымсыз рейддер жүргүзүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз