06 декабрь 2022
Кароолор: (273)
Жолдорго туз, кум камдалып, техникалар даяр абалда
Жалал-Абад шаарында кышка карата 63 тонна туз, 165 тонна кум камдалды. Ал эми кыш мезгилинде жолдорду кардан үзгүлтүксүз тазалоо жумуштарына мэриянын Жол башкармалыгы менен Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жалпы 9 техникасы даярдалган. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эске алынып, "Жалал-Абад" тазалык мекемесинин жумушчулары тротуарларды өз учурунда кардан тазалап турмакчы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз