25 октябрь 2024
Кароолор: (63)
ЖОЛ КУРУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Транспорт жана Жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата шаардагы жолдорду реконструкциялап жаткан "China Road" ЖЧКсынын жана "Кыргыз ТРЕК" компаниясынын кызматкерлерине мэриянын Ардак грамотасын тапшырды.
Кубанычбек Иманалиев Жалал-Абад шаарындагы жолдорду курууда талыкпай эмгектенген кызматкерлердин түйшүктүү эмгеги ар дайым эске алынаарын баса белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, 27-октябрь Транспорт жана Жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз