11 июль 2023

Кароолор: (55)

Жол башкармалыгына 5 даана жаңы техника тапшырылды

 Бүгүн, 11-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгына 4 даана SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу жана 1 даана Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунааларынын ачкычы тапшырылды. Жаңы техникаларды Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев баштаган шаардык кеңештин депутаттары тапшырды.

 Шаар мэри жаңы тапшырылган техникалар жумушчулардын ишин жеңилдетип, жолдорду оңдоп-түзөө, асфальт төшөө жана тротуар куруу жумуштарын батыраак бүткөрүүгө шарт түзө турганын белгиледи. Ошондой эле аталган мекеменин жумушчулары 2023-жылга белгиленген пландарды толугу менен аткарса, айлык акысын көтөрүп берүүнү убада кылды.

Жаңы техникалар Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен 21 млн. 76 миң сомго сатып алынды.

 Белгилей кетсек, Жол башкармалыгында жаңы тапшырылган жүк ташууучу унааларды кошкондо жалпы 18 техника бар. Аталган мекемеге акыркы жолу 2018-жылы бир даана КАМАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сатып алынган. Ал эми 2020-жылы бир даана автогрейдер, 2022-жылы бир даана экскаватор сатып алынган болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз