05 ноябрь 2024
Кароолор: (170)
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ ВИНЕРА РАИМБАЧАЕВА БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев менен биргеликте шаардагы №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясы жана №9 Р.Санатбаев атындагы мектеби менен жеринде таанышып, билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү укту. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында муниципалдык 29 мектеп, 29 бала бакча бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз