04 октябрь 2024
Кароолор: (98)
Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулуштарын жеринде көрүштү

Жогорку Кеңештин депутаттары
Жалал-Абад шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулуштарын жеринде көрүштү
Бүгүн, 4-октябрь күнү Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаттары Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен жеринде таанышышты.
Көчмө жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, МИКтин төрагасы жана тиешелүү жетекчилер катышты.
Учурда Жалал-Абад шаарында 9 кабаттан 15 кабатка чейин 7 турак жай комплекси курулууда. Аларда жалпы 5313 батир бар.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан үйлөр бюджеттик мекемелерде иштегендерге кезеги менен 4% дан 25 жылга берилсе, “Үлүштүк курулуш" менен батирдин 50% каражатын төлөгөндөргө батир кезексиз берилип, калган 50% акчасын 8% менен 15 жылга бөлүп төлөсө болот. Ошондой эле, социалдык ипотека менен 4%дан, бюджеттик эмес мекеме-ишканаларда иштегендер 8%дан 25 жылга чейин кезектүүлүк менен алса болот.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз