19 декабрь 2023
Кароолор: (65)
Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы бир катар мектептерде мугалимдер менен жолугушууларды өткөрдү

18- декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримов Жалал - Абад шаарынын мугалимдери менен жолугушту. Жолугууга калаа башчысынын орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана мугалимдер катышты.
Анда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, жетишкендиктер айтылып, агартуучулар тарабынан эл өкүлдөрүнө бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
Тагыраагы, эмгек акы, китептердин тартыштыгы, окуучулардын шашке чайы, окууну артыкчылык менен аяктаган окуучуларга берилүүчү жеңилдиктер туурасында маселелер ортого салынды. Ошондой эле, "Ата-энелер мектебин" уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуулардын соңунда №13 Розы Азимов атындагы орто мектебине жана №5 Бекмамат Осмонов мектеп-гиназиясына мамлекет тарабынан бөлүнгөн 5 даанадан компьютер тапшырылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз