11 октябрь 2024

Кароолор: (57)

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрдү

 Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, шаарда 2024-жылдын 9 айында жергиликтүү жана республикалык бюджеттен аткарылган иштер боюнча видеоролик көрсөтүлдү. Эл өкүлдөрү Жалал-Абад шаары соңку жылдары абдан тез өнүгүп жатканына күбө болуп жаткандыктарын белгилешип, шаар мэринин ишине ийгилик каалашты.

 Өз кезегинде шаар башчысы жасалып жаткан иштер Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен ишке ашып жатканын айтып, ыраазычылык билдирди.

 Жыйында шаардагы айрым социалдык көйгөйлөр айтылды. Депутаттар жолугушууда айтылган көйгөйлөр, берилген суроолор протоколдук тапшырманын негизинде аткарууга алынаарын белгилешти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз