03 июль 2024

Кароолор: (100)

ЖКККБнын ЖАНА ОБЛУСТУК ЮСТИЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 88 жылдыгына жана Юристтердин кесиптик майрамына карата шаардык ЖКККБнын жана Жалал-Абад облусунун юстиция башкамалыгынын кызматкерлери сыйланды.

Сыйлактарды Жалал-Абад шаарынын мэри Эринсбек Ормоков тапшырып, кызматкердерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Шаар мэри аталган кызматтар элдин укугун коргоодо, коомдук коопсуздукту камсыздоодо эбегейсиз зор салым кошуп келээрин баса белгилеп, мындан ары да берилгендик жана жогорку кесипкөйлүк менен кызмат өтөй бериштерине тилектеш экендигин билдирди.

 Белгилей кетсек, июнь айынын акыркы ишеби күнү Кыргыз Республикасынын юристи күнү, ал эми 3-июль - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын түзүлгөн күнү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз