30 май 2025

Кароолор: (25)

ЖЕТКИНЧЕКТЕР МУНИЦИПАЛДЫК ОЮН-ЗООК БОРБОРУНДА ЖАНА КИНОТЕАТРДА АКЫСЫЗ ЭС АЛЫШТЫ

 29-май күнү, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан аталган башкармалыктын каттоосунда турган 200 бала муниципалдык “Данек" оюн-зоок борборунда акысыз ойноп, андан соң "Galaxy” кинотеатрында балдарга арналган “Лило Стич” киносу көрсөтүлдү. Мындан сырткары, “Келечек” ЖАК, “Двойняшки” кондитердик фабрикасы, “Назик” кондитердик цехи тарабынан шириндиктер, суусундуктар таратылып, балдарга майрамдык маанай тартууланды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз