14 январь 2025
Кароолор: (248)
ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ КОРРУПЦИЯГА АРАЛАШСА МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ КАТААЛ ЧАРАЛАР КӨРҮЛӨ ТУРГАНДЫГЫ ЭСКЕРТИЛДИ

Бүгүн, 14-январда Жалал-Абад шаарынын мэриясында УКМК кызматкерлери тарабынан шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жыйын өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, шаардык прокуратуранын кызматкерлери катышты.
Жыйында УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн кылмыш жазасын катаалдаштыруу боюнча, ошондой эле кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
Жыйында шаар мэри Эрнисбек Ормоков жетекчилерди коррупцияга аралашпай, таза таза жана так иштөөгө, ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга чакырды. Ошондой эле, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлердин өздөрү гана жазага тартылбай, анын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары өмүр боюу мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебей кала тургандыгын эскертти.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз