22 январь 2024

Кароолор: (55)

Жергиликтүү кеңештердин арасында өткөрүлгөн республикалык турнир жыйынтыкталды

20-январь күнү Бишкек шаарында республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, өз ара байланыштарды чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүн жана спортту пропагандалоого багытталган иш-чара жыйынтыкталды.

Анда кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, ага Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Токмок шаардык кеңештеринин командалары катышты.

Жыйынтыгында 1-орунга Нарын шаардык кеңеши, 2-орунга Жалал-Абад шаардык кеңеши, 3-орунга Талас шаардык кеңеши ээ болду.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештердин ортосундагы тажрыйба алмашуу жана өз ара байланыштарды чыңдоо иш-чарасы алгач, Жалал- Абад шаарында 2022-жылдын июль айында өткөрүлгөн болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз