05 июнь 2023

Кароолор: (51)

Жер асты өтмөгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат

Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер асты өтмөгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Буга чейин жер асты өтмөгүнөн суу өтүп, ал жердеги соодагерлерге жана жарандарга ыңгайсыздык жаратып келген. Учурда жер асты өтмөгүнүн суу өткөн бөлүктөрү толугу менен оңдолуп, тепкичтерин жаңылоо, дубалдарынын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

 Белгилей кетсек, жер асты өтмөгү 2018-жылы пайдаланууга берилген. Курулуштун кепилдик мөөнөтү эки жыл болуп, ал аяктаган. Мындан улам шаар бийлиги өтмөктү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 3,5 млн сом акча каражатын бөлүп, тендерден “АКА” жоопкерчилиги чектелген коому 2млн. 495 миң сомго уткан.

 Учурда жумуштун 40%ы бүткөрүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз