22 май 2025

Кароолор: (29)

ЖЕҢИШ" ПАРКЫНДАГЫ ИЖАРАЧЫЛАРДЫН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН 10-ИЮНГА ЧЕЙИН ИШТӨӨСҮНӨ УРУКСАТ БЕРИЛДИ

 21-май күнү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Жеңиш" эс алуу багындагы ижарачылар менен жолугушту. Анда ишкерлер баштагы ойлорунан кайтып, алдыдагы "Курман айт" жана балдарды коргоо күнүндө иштеп, 10-июнда аттракциондорун ыктыярдуу түрдө бузуп кете тургандыктарын билдиришти.

 Шаар мэри жана облус башчысы алардын сунушун канааттандырып, 10-июнга чейин убакыт беришти.

 Белгилей кетсек, аталган парктагы ижарачыларга Спутник кичи шаарчасындагы Т.Байзаков атындагы паркта ишмердүүлүк жүргүзүү сунушталды. Бирок аталган паркка да заманбап, жаңы аттракциондорду гана орнотууга уруксат берилет. Ал эми "Жеңиш" паркы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен ишкерлер тарабынан 2,5 млн. долларга толугу менен жаңыланат.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз