11 август 2023

Кароолор: (51)

Железнодорожный көчөсүндөгү мыйзамсыз соода күркөлөрү буздурулуп жатат

Жалал-Абад шаарынын Железнодорожный көчөсү менен Жусуп Бакиев көчөсү кесилишкен жердеги чачкынды соода жайлары (темир жолдун айланасы) буздурулууда.

Аталган жайдагы сатуучуларга көп жолу эскертүүлөр берилип, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы да, Жалал-Абад шаардык мэриясынын тиешелүү мекемелери да эч кандай ижара келишимдерин түзгөн эмес.

Железнодорожный көчөсүнө өз билемдик менен соода күркөлөрүн куруп алган 50 дөн ашык соодагерге жергиликтүү бийлик муниципалдык базардан соода жайларын берүүгө даяр. Анткени, өткөн жылы шаардагы чачкынды соода жайларын жоюп, соодагерлерге жана кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү, унаа тыгындарын азайтуу максатында атайын муниципалдык базар курулган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында чачкынды соода жайларын иретке келтирүү, тротуарларды күркөлөрдөн тазалоо боюнча байма-бай рейд уюштурулуп келет. Деген менен соодагерлер өз кызыкчылыктары үчүн чачкынды соода жайларынын жоюлушуна каршы чыгып келишет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз