04 июнь 2025

Кароолор: (24)

ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлеринен турган комиссиялык топ шаардагы жеке менчик бала бакчалардын жана мектептердин санитардык, гигиеналык абалын жана коопсуздук чаралары канчалык денгээлде каралганын текшерди. Ошондой эле, адистер тарабынан мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын саламаттыгына кам көрүү, жугуштуу илдеттердин жайылышынын алдын алуу жана кокустан жаралган ар кандай кырсыктардан сак болуу эскертилип, алдын алуу чараларын көрүү тапшырмасы берилди.

 Рейд учурунда тиешелүү кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, наристелердин ден соолугуна кылдат мамиле кылуу тапшырмасы коюлуп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилди.

 Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

 Белгилей кетсек, шаар жеке менчик 14 мектеп, 26 бала бакча болсо, алардын 3ү үй тибиндеги, 2си ведомстволук бала бакча болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз