20 апрель 2023
Кароолор: (51)
Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 81 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №5 өзүнчө батальонунда Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 81 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, батальондун өздүк курамы жана ардагерлери катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлерин майрамы менен куттуктап: "Биз билебиз сиздердин катарыңыздарда мекенин сүйгөн, жүктөлгөн милдетин так аткарган, тартипти, мыйзамдуулукту туу туткан инсандар эмгектенет. Мындан ары да сиздерге жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, өлкөбүз үчүн татыктуу кызмат өтөйсүздөр деп терең ишенем",-деп белгиледи.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы 5-батальондо кызмат өтөгөндөр №10 түзөтүү мекемесин жана №53 тергөө абагын кайтарып, коомдук коопсуздукту камсыз кылып келишет.