07 июнь 2024

Кароолор: (6)

ЖАШТАРГА ТУУРА ТАРБИЯ БЕРҮҮ БАГЫТЫНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

  6-июнда Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Коомдук алдын алуу борборунда жаштар арасындагы кылмыштуулуктун, ар кандай диний агымдарга азгырылып калуунун, экстремизм-терроризм жана үй-бүлөлүк зордук - зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Ага шаардын баш имамы Мелисбек Тургунбаев, шаардык мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сагындык Каратаев, аксакалдар, кварталдык комитеттердин башчылары жана участкалык инспекторлор катышты.

Анда жаштардын жүрүм-туруму, үй-бүлөлүк абалы, бош учурларында эмне менен алек болуп жаткандыгы туурасында маселе талкууланды.

Жыйындын катышуучулары тарабынан жаштарга түшүндүрүү иштерин өз учурунда жүргүзүү зарыл экендиги белгиленип, ар кандай диний агымдарга азгырылып кетүүнүн алдын-алуу учурдун башкы маселеси экендигине токтолушту.

Мындан сырткары, ар бир ата-эне өз баласынын кандай жерде жана кандай шартта диний сабак алып жаткандыгына кызыктар болуусу керектигин дин өкүлдөрү баса белгилешип, жеке үйлөрдө диний сабак берүү мыйзамга каршы келээрин эскертишти.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын тыюу салынган 21 диний агым бар. Алдыда мындай түшүндүрүү иш-чаралары шаардагы бардык аймактык башкармалыктарда өткөрүлмөкчү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз