27 май 2025
Кароолор: (28)
ЖАШТАРДЫН ЖАШОО КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ” ЖАНА “ЖАШТАР ТАКШАЛМАСЫ” ДОЛБООРУ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарынын мэриясында шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн адистери тарабынан “Жаштардын жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү" жана "Жаштар такшалмасы" долбоору боюнча семинар болуп өттү.
Аталган семинарга шаардагы мекеме-ишканаларга стажировкага чыгып 8600 сомдон стипендия алып жаткан 16 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катышты.
Мындай долбоорлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына 71 квота бөлүнгөн, учурда 56 жумушсуз жаран шаардагы мекеме-ишканаларда стажировкада жүргөн болсо, дагы 25 жаран жумуш менен камсыз боло алды. Аталган долбоор боюнча жумушсуз жаран 3 тараптуу келишимдин негизинде жумушка жөнөтүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз