25 июнь 2024

Кароолор: (60)

ЖАШТАРДЫ МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ТАРБИЯЛОО БАГЫТЫНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарынын "Достук" муниципалдык аймактык башкаруусундагы Коомдук алдын алуу борборунда жаштар арасындагы кылмыштуулуктун, ар кандай диний агымдарга азгырылып калуунун, экстремизм-терроризм жана үй-бүлөлүк зордук - зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Ага шаардын баш имамы Мелисбек Тургунбаев, шаардык мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сагындык Каратаев, аксакалдар, кварталдык комитеттердин башчылары жана участкалык инспекторлор катышты.

Анда жаштардын жүрүм-туруму, үй-бүлөлүк абалы, бош учурларында эмне менен алек болуп жаткандыгы туурасында маселе талкууланды.

Жыйында жаштарды мамлекеттик атрибуттарды сыйлоого жана урматтоого, мекенди сүйүүгө тарбиялоо башкы максат болушу керектиги белгиленди. Ошондой эле окуучулардын жайкы эс алуу мезгилин пайдалуу жана максатуу өткөрүүн камсыздоо зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары, ар кандай диний агымдарга азгырылып кетүүнүн алдын алууда шаардагы мечиттерде, жума намаздарда имамдар тарабынан туура багыттагы баяндарды айтуу колго алынганын шаардын башкы имамы билдирди .

 Белгилей кетсек, алдыда мындай түшүндүрүү иш-чаралары шаардагы бардык аймактык башкармалыктарда өткөрүлмөкчү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз