14 апрель 2023
Кароолор: (64)
Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү

Жалал-Абад шаардык мэриясынын “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, аймактык башкармалыктардын башчылары, милиция кызматкерлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө, өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук, кылмыштуулуктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай уюштуруу зарылдыгы белгиленип, тийиштүү адистер өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып баруусу зарылдыгы айтылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз