24 октябрь 2024
Кароолор: (89)
ЖАШ БАЛДАР АРАСЫНДАГЫ ООРУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абад шаарынын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, аймактык башкармалыктардын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Жыйынды шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова алып барды.
Анда ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, ич келте жана вирустук гепатит оорусунун эпидемиялык кырдаалын жөнгө салуу сыяктуу маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, жыйында жаш балдар арасында кездешкен тубаса жана өнөкөт оорулардын алдын алууда дарыгерлер болочок энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруусу баса белгиленди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз