17 май 2023

Кароолор: (56)

Жарандык коргонуу кызматынын командалык-штабдык машыгуусунун алкагында практикалык иш-чаралар өтүп жатат

 Жалал-Абад шаарында 17-19-май күндөрү өтө турган Жарандык коргонуу кызматынын командалык-штабдык машыгуусун уюштуруу боюнча отурум өттү. Анда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине командалык-штабдык машыгуунун алкагында аткарылуучу иш-чаралар боюнча тапшырмаларды берди.

Машыгуунун алкагында жарандык коргонуу кызматы тарабынан табигый кырсыктардын алдын алуу максатында техникалар кире албаган Сел-Арык, Хан-Арык сел каналдарын тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Ага 100дөй жумушчу тартылган.

 Белгилей кетсек, аталган машыгуу Жалал-Абад шаарынын мэринин “Жарандык коргонуу боюнча машыгууну уюштуру жана даярдыктарды өткөрүү” жөнүндөгү буйругунун негизинде өткөрүлүүдө.

 Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматында 12 мекеме-ишкана бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз