30 январь 2025

Кароолор: (159)

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 2024-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жылга аткарылчуу жумуштардын иш-планын караган жыйын болуп өттү.

 Ага шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Токтосунов, аймактык башкаруу мекемелеринин башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Жыйында өткөн жылда катталган өзгөчө кырдаалдар талкууга алынып, бул жылы мындай окуялардын алдын алуу жана болтурбоо максатында бир нече иш-пландар мерчемделди.

 Мындан сырткары, шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов тиешелүү жетекчилерге аймактарда жарандар үчүн кооптуу делген жерлердин тизмесин тактап, алдын ала тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз