16 январь 2026
Кароолор: (26)
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
Манас шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу кызматы тарабынан чукул жыйын өткөрүлдү. Ага шаар мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 16-январдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүп жатканы белгиленип, ушул шартта көрүлө турган даярдык чаралары талкууланды. Тиешелүү жетекчилер тарабынан учурдагы абал боюнча маалыматтар берилип, баардык тармактарда мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам аракеттенүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз









