05 апрель 2023
Кароолор: (64)
Жарандык коргонуу кызматы машыгуу өткөрдү

Бүгүн, 4-апрель күнү Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматы “Кыргыз Петролеум Компани” нефтини кайра иштетүүчү заводунда “Өрт кырсыгы болгондо мекемеде жарандык коргонууну башкаруу жана өздүк курамдын кыймыл-аракеттери” деген аталышта машыгуу өткөрдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Айбек Джолдошев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Жарандык коргонуу кызматына кирген мекемелердин кызматкерлери катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө аталган заводдо катталган өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү, кырсык катталган аймакка жакын жашаган жарандарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча Жарандык коргонуу кызматына кирген мекемелердин даярдыгы текшерилди.
Машыгуунун экинчи бөлүгүндө, Жарандык коргонуу кызматы тарабынан көчүрүлгөн жарандарды атайын тигилген чатырларга жайгаштыруу, аларга гумманитардык жардамдарды жеткирүүнү уюштуруу, медициналык жардам алуучу жайды уюштуруу сыяктуу иштерди уюштуруудагы даярдыгы текшерилди.
Машыгуунун жыйынтыгында Жарандык коргонуу кызматынын даярдыгына оң баа берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматынын курамына 11 мекеме-ишкана кирет.