21 апрель 2025
Кароолор: (25)
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРГЕН МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

19-апрель күнү, таңкы саат 8:00дө Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын селдин алдын алуу боюнча машыгуусу улантылды. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлеринин жана атайын техникалардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын текшерип, аталган машыгуунун негизги максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын өз-ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, алардын табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга болгон даярдыгын аныктоо экендигин белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз