21 июнь 2023
Кароолор: (58)
Жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүп жатат
Жалал-Абад шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Юстиция минситрлигине караштуу юридикалык жардам кызматы тарабынан акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүп жатат. Мында кайрылгандар жарандык, үй- бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу, калкты каттоо, аткаруу өндүрүшү жана башка маселелер боюнча кеңеш алышууда.
Белгилей кетсек, акысыз юридикалык жардам берүү Жалал-Абад шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында 23-июнга чейин уланат.