06 сентябрь 2023

Кароолор: (55)

Жарандак коргонуу штабынын жыйыны өттү

 Бүгүн, 6-сентябрда Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматынын командалык-штабдык жыйыны өттү. Ага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

 Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 6-7-8 сентябрь күндөрү республикалык командалык-штабдык машыгуу Ысык-Көл облусунда өткөрүлмөкчү. Ага байланыштуу Жарандык коргонуу кызматынын республикалык штабынан келген тапшырмаларды так аткаруу боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди.

 Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-19-май күндөрү республикалык командалык штабдын машыгуусу Жалал-Абад шаарында өткөн болчу.

 Мындай машыгуулар өлкөдө ар кандай табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталганда Жарандык коргонуу кызматы тарабынан алдын-алууда чоң өбөлгө түзмөкчү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз