28 март 2025
Кароолор: (95)
“Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек” аталышындагы форуму болуп өттү

27-мартта Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аталышындагы форум болуп өттү.
Форумга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов, белгилүү спортчулар, машыктыруучулар, Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген 500 дөй студенттер жана мектеп окуучулары катышты.
Аталган форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде уюштурулган.
Форумдун негизги максаты - өсүп келе жаткан муундарга туура маалымат берүү, тарбиялоо жана аларды окууга, өнүктүрүүгө жана талыкпай иштөөгө чакыруу, аларга өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана ийгиликтүү максаттарга жетүү үчүн шыктандырып, насаатчы боло ала турган ийгиликтүү адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат.
Форумдун жүрүшүндө жергиликтүү жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы, белгилүү спортчулар жана маданият кызматкерлери өздөрүнүн жетишкендиктери менен бөлүшүп, ийгиликке жетүү жолдору тууралуу пикир алышып, турмушта өзүнө ишенүүнүн маанисин жана терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы боюнча акыл-насааттарын айтышты.
Иш-чарада укук бузуулардын алдын алуу боюнча кыска метраждуу тасмалар жана бир катар интерактивдүү оюндар уюштурулуп, сахналаштырылган чыгармалар коюлду.
Форумдун соңунда Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов форумду уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков да бар.
Белгилей кетсек, форум "Борбордук Азиядагы зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу" долбоорунун алкагында Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз