29 август 2024
Кароолор: (67)
ЖАҢЫ КУРУЛУП ЖАТКАН КИНОТЕАТРДЫ ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ҮЧ ТАРАПТУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

28-август күнү, Жалал-Абад шаардык мэриясы, Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору жана “Айтпайм-нет” ЖЧКнын ортосунда жаңы курулуп жаткан кинотеатрды ишке киргизүү боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.
Меморандумга ылайык, мэрия жер бөлүп берүү, кинотеатрдын имаратын куруу жагын колго алса, "Айтпайм-нет" ЖКЧсы кинотеатрдын ичин жана сыртын жабдуу, ата мекендик жана чет өлкөлүк кинолорду көрсөтүүнү уюштуруу жагын колго алат. Ал эми Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борбору консултациялык жана усулдук жардам көрсөтөт.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборуна ыраазычылык билдирип, “Айтпайм-нет” ЖЧКсынын жетекчисине шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап кинотеатрды тез арада ишке киргизүү зарылдыгын айтып, ишине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, аталган кинотеатр 304 орунга ылайыкташып, Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков атындагы паркта курулууда. Курулуш 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд.сомдон үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз