14 июль 2025

Кароолор: (39)

ЖАҢЫ КУРУЛУП ЖАТКАН "ЖАЛАЛ-АБАД" ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНУН АЙЛАНМА ЖОЛУ КУРУЛАТ

 12-июль күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Сузак районунун акими, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аталган жол курулуучу аймак менен жеринен таанышып, жолдун курулушуна байланыштуу көйгөйлөрдү жеринде талкуулашты.

 Шаар мэри аталган жолдун курулушу Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун жашоочулары үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

 Айланма жол Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун бир катар айылдарын бириктирип (Багыш, Кыз-Көл айыл аймактары), жаңы курулуп жаткан аэропортту айланып өтүүчү жол болот. Анын жалпы узундугу 9,7 чакырымды, туурасы 12 метрди түзөт. Ал эми жолдун унаалар жүрүүчү бөлүгү 6,5 метр болот.

 Курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз