12 декабрь 2023

Кароолор: (53)

ЖАҢЫ КУРУЛГАН ООРУКАНА МЕНЕН СПОРТ-ИНТЕРНАТТЫН КУРУЛУШУНУН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛДИ

11-декабрь күнү Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Миргүл Эгемова, шаардык кеңештин депутаттары Максат Жусупбеков, Уулкан Кожоева жана тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен курулган облустук оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынан жана каиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн “Жалал-Абад облусундагы олимпиадалык резервдеги республикалык коледжинин” имаратын кароодон өткөрүштү.

 Анда комиссия мүчөлөрү тарабынан айрым кемчиликтери курулушту ишке ашырган компаниянын өкүлдөрүнө жана тийиштүү жетекчилерге айтылган кемчиликтерди жоюу тапшырмасын беришти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз