12 февраль 2024

Кароолор: (9)

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 9-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионуна Маматжанов Бекболот Маматжанович директор болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова эмгек жамаатка тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады

 Маматжанов Бекболот Маматжанович, 1990-жылы туулган.

 Жогорку билимдүү. (К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университети, юриспруденсия адистиги)

 2020-2024-ж.ж. Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин алдындагы муниципалдык "Курулуш-маркет” базарында инспектор болуп эмгектенген.

 Эске салсак, аталган стадионду буга чейин Бакытбек Рахман уулу жетектеп келген. Ал өз каалосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызынын негизинде жумуштан бошотулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз