15 май 2025

Кароолор: (31)

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башчысы болуп Исмаил Абдурасулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

 Исмаил Абдурасулов буга чейин Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын Коммуналдык менчик департаментин жетектеп келген.

 Жаңы дайындалган жетекчини бүгүн, 15-майда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов эмгек жааматка тааныштырды.

 Буга чейин Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасын Нурбек Айсариев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз