21 апрель 2025

Кароолор: (30)

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 Жалал-Абад шаарынын М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгынын башчысы болуп Майрамкан Алтыбаева дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

 Алтыбаева Майрамкан Саяковна, 1972-жылы, 4-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Доскана айылында туулган. 2023-жылы Жалал-Абад шаарындагы Заманбап эл аралык университетин аяктаган, кесиби боюнча юрист.

 Алгачкы эмгек жолун 1995-жылы айыл чарба кооперативинде жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 2003-жылдан 2021-жылга чейин жеке ишкер болуп иштеп, 2021-жылы Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган, ошол эле жылы айылдык кеңештин төрайымбы болуп дайындалган. Ал бул кызматты аталган айыл аймак жоюлуп, админстративдик-аймактык реформа менен шаарга кошулганга чейин аркалап келген.

 Белгилей кетсек, буга чейин М.Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген Равшан

Азимов жумуштан кетүү тууралуу жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз